Чанаккале жеңиши арналган куттуктоолор

Тарыхка алтын тамгалар менен «Чанаккале өтүлгүс» деп жазылган жеңиштин 101 – жылы бүгүн Чанккале жана Гелиболу жарым аралында аземдер менен белгиленүүдө

453364
Чанаккале жеңиши арналган куттуктоолор

Тарыхка алтын тамгалар менен «Чанаккале өтүлгүс» деп жазылган жеңиштин 101 – жылы бүгүн Чанккале жана Гелиболу жарым аралында аземдер менен белгиленүүдө.

Президент Р. Т. Эрдоган 18 - Март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале жеңишинин 101 жылдыгынан улам жарыялаган куттуктоосунда абдан аз кездешкен Чанаккале дастанынын мекени, эли үчүн көз ирмебестен жанын берген жүз миңдеген каармандын чыгармасы экенин баса белгиледи.

«Биз кимбиз?» деген суроонун жообуна кызыккандардын Чанаккалеге кароосу керектигин баса белгилеген Эрдоган : «Ал жерде палестиналык Ахмет менен мусулдук Селахеддинди, судандык Мухаммед менен тунистик Алини, босниялык Мурат менен крымдык Кемалды жана албетте Анадолунун, Фракиянын шаарларынан каармандарды көрөт»,- деди.

Президент Эрдоган жарыялаган 18 - Март куттуктоосунан кийинки куттуктоо башкы штабдын төрагалыгынан келди.

Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар куттуктоосунда Чанаккале жеңишинин түрк улутунун тагдырын өзгөрткөн абдан чоң ийгилик экенин баса белгиледи.

Армиянын генералы Акар бул маанилүү күндө башта Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана жолдоштору жана бардык шейиттерди, ардагерлерди ыраазычылык менен эскергенин белгиледи.

Республикалык Элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу 18 - Март шейиттерди эскерүү жана Чанаккале жеңишинен улам социалдык медиа аркылуу куттуктоо жарыялады. Кылычдароглу twitter эсеби аркылуу берген куттуктоосунда : «Чанаккале согушу эркиндик күрөшү. Бизди көз карандысыздыкка алып бара турган кадамдардын биринчиси болгон бул сыймыктуу жеңиштин 101 – жылы куттуу болсун»,- деди.



Тектеш кабарлар