ТИКА Балх университетине китепкана ачты

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы ТИКА Афганстандын түндүгүндөгү Балх университетине китепкана курду

452958
ТИКА Балх университетине китепкана ачты

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы ТИКА Афганстандын түндүгүндөгү Балх университетине китепкана курду.

Университеттин түркология бөлүмүндөгү китепкананын ачылышы үчүн өткөрүлгөн аземге Түркиянын Мезар –ы Шериф башкы консулу Мустафа Эрдевирен, жубайы Нурхан Көмүржүоглу Эрдевирен, вице - консул Садуллах Узун, ТИКА Мезар – ы Шериф координатору Кемал Кадир Карадоган, Балх университетинин проректору Насир Хайдар, мугалимдер жана студенттер катышты.

Проректор Хайдар Түркиянын Афганстанга билим берүү жаатында жардам берген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турганын белгиледи.

Мезар – ы Шериф башкы консулу Эрдевирен да Түркия жана Афганстандын ортосундагы достук байланыштарынын эскилерге таянганын, бул жардамдардын да достуктун негизинде берилгенин айтты.

ТИКА Мезар – ы Шериф координатору Карадоган да ТИКАнын андан мурда да Балх университетинин башка бөлүмдөрүнө жардам бергенин баса белгилеп мындан кийин да жардамдардын улантыларын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар