Чанаккаледе жаңы шейиттик табылды

Бешйол айылында шейит болгон аскерлердин мазарлары бир кылымдан кийин ортого чыкты

453368
Чанаккаледе жаңы шейиттик табылды

Чанаккале кургактык согуштарныда 16 - корпус командирлигинин штаб жана ооруканасы жайгашкан Бешйол айылында ал мезгилде шейит болгон аскерлердин мазарлары бир кылымдан кийин ортого чыкты.

Айылдыктардан маркум Жафер Хасандын жеке аракети менен жасалган илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында Дегирментепе аймагында табылган 600гө жакын аскердин мазары Анафарталардагы биринчи шейиттик болот.

Чанаккале 18 - Март университетинин илимий жана искусство факультетинин тарых бөлүмүнүн мугалими доцент Бухран Сайылыр мурунку аты «Турсун» болгон Бешйол айылынын Сароз группасы командирлигинин борборунан экенин жана Анафарталардын да арткы аймагында калганын айтты. Сайылыр : «Жасаган иликтөөлөрүбүздүн натыйжасында 600гө жакын шейитибиздин бул жердеги мазарын аныктадык. Толугу менен оригинал шейиттик»,- деди.



Тектеш кабарлар