Тышкы иштер министрлиги Израилди айыптады

Түркия Израилдин Батыш Шериада 2 миң 340 гектардык аянттты конфискациялоосун айыптады

452410
Тышкы иштер министрлиги Израилди айыптады

Түркия Израилдин Батыш Шериада 2 миң 340 гектардык аянттты конфискациялоосун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Батыш Шериада Эриха шаарынын жакындарындагы 2 миң 340 гектардык участокту конфискациялоо чечимин катуу айыптайбыз»,- деген сөздөргө орун берилди.

Израилдин Батыш Шерианы 1967 – жылдан бери баскын астына алганы белгиленген маалыматта отурукташуу аянттарын мыйзам тышы кеңейтүү чечиминин күчүндө эмес экени баса белгиленди.

Маалыматта айрыкча : «Израилдин аймакта туруктуу тынчтыктын түзүлүшүнүн бир гана жолу болгон эки мамлекеттүү чечүүчү негизди бузган мындай кыймылдарды соңуна чыгаруусу керек»,- деп эскертилди.



Тектеш кабарлар