Грузиядан Түркияга колдоо

Тбилисидеги Илья Чавчавадзе университетинин алдында чогулган студенттер Түркия, Грузия жана Азербайжан байрактары менен жүрүштү

451895
Грузиядан Түркияга колдоо

Грузияда Түркия менен тилектештик жүрүшү өткөрүлдү. Грузиянын борбор шаары Тбилисиде чогулган бир группа университет студенти Анкарадагы террордук кол салууну айыптады. Тбилисидеги Илья Чавчавадзе университетинин алдында чогулган студенттер Түркия, Грузия жана Азербайжан байрактары менен жүрүштү.

Грузиянын алдыңкы университеттеринин студенттеринен турган группа Түркиянын Тбилисидеги элчилигинин алдында бир минуталык эскерүүдө болушту жана элчиликтин алдына гүдөрдү ташташты.

Түркияны колдошкондорун айткан укук факультетинин студенти Гага Тутарашвили : «Бүгүн негизги максатыбыз дос жана коңшу өлкө Түркия менен тилектеш экенибизди билдирүү. Түркиянын бир гана Грузиянын эле эмес, эркин дүйнөнүн бардык эркин мамлекеттеринин колдоосуна муктаждыгы бар. Террордун дини менен улуту жок. Адамзаттык баалуулктар баарыдан жогору турат»,- деди.



Тектеш кабарлар