Түркиялыктар ЕБне визасыз кире баштайбы?

Түркия-Европа Биримдиги саммитинде баш калкалоочу кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын сунуштарын камтыган текст боюнча принцип жагынан макулдашылды.

446498
Түркиялыктар ЕБне визасыз кире баштайбы?

Түркия-Европа Биримдиги саммитинде баш калкалоочу кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын сунуштарын камтыган текст боюнча принцип жагынан макулдашылды.

Премьер-министр Ахмет Давутоглунун түрк жарандарынын визасыз кирүүлөрүнүн июнь айында башталышы, ЕБнин грек аралдарынан Түркияга жибериле турган ар бир сириялык үчүн Түркиядан бир сириялыкты кабыл алышы жана Анкара башкаруучулугуна 2018-жылдын акырына чейин баш калкалоочулар үчүн дагы 3 миллиард евро кошумча төлөм төлөнүшү тууралуу темалар принциптик жактан кабыл алынды.

Саммиттен кийинки биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында лидерлер, сөзү болгон текст туурасында маалымат беришти.

Макулдашылган текстке ылайык; Грециядагы бардык сириялык баш калкалоочулар Түркияга жиберилет.

Түркия болсо кабыл алган баш калкалоочу санындай баш калкалоочуну Европа Биримдигине жөнөтүп турат.

Бул ыкма менен мыйзамсыз көчүү жана адам уурдоо сыяктуу окуяларга бөгөт коюлат.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск макулдашууга, «Европага тартипсиз көчүүлөр токтойт, Батыш Балкан багытынан өтүүлөр эми токтойт»,-деп сереп салды.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер болсо, жолугушууларда жылыш болгонун жана принцип катары Түркиянын сунушу боюнча макулдашкандарын кайталады.

Башка бир макулдашылган тема болсо баш калкалоочуларга сарпталышы үчүн Түркияга бериле турган материалдык колдоо темасы болду.

Түркиянын сириялыктарга 10 миллиард доллардан ашык акча каражатын сарптаганын белгилеген премьер-министр Давутоглу: «Биз эч кимден акча сураган жокпуз. Жалгыз гана жүктүн адилеттүү бөлүшүлүшүн талап кылдык»,-деди.

Ушул алкакта ЕБ, башталгыч катары 3 миллиард евро жардам жиберет.

Сириялык баш калкалоочулар үчүн Европа Биримдигинин Түркияга жардам бере турганын тастыктаган Юнкер, 2018-жылга чейин бул фонддор улам өсүп улана турганын белгиледи.

Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу виза темасындагы сунуштун болсо эң кеч июнь айынын акырында эркин болушу боюнча макулдашылганын белгиледи.

Визаны жеңилдетүү боюнча иштеп жаткандарын белгилеген Юнкер, бул процедуралардын мындан мурда макулдашылган стандарттарга жараша жасала турганын жана Шенген жол картасына ар ким баш ийишин талап кылгандарын айтты.

Түркия сунуштаган чечим табуу пакетин ыраазы болуп кабыл алгандарын айткан Германиянын канцлери Ангела Меркель да, «Келээрки жумада боло турган ЕБ саммитине чейин убакытка муктаждыгыбыз бар. Бир топ ЕБ өлкөсүнүн парламенттерине кеңешүүсү керек»,-деди.

Меркель сунуштардын негизги жагдайларын колдогондорун айтты.

ЕБне мүчө өлкөлөрдүн макулдашуунун текстин өз парламенттеринде талкуулашынан кийин 17-мартта боло турган Түркия-ЕБ саммитинде расмий документ жарыяланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар