Стамбулга үчүнчү көпүрө жарашты (видео)

Босфордогу 3-көпүрө жана Түндүк Мармара автожолу долбоору Түркияны 2023-жылы дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын катарына кирүүгө жакындатат. (видео)

446192
Стамбулга үчүнчү көпүрө жарашты (видео)

Стамбулдун Европа жана Анадолу жээктери үчүнчү жолу бирикти. «Явуз Султан Селим» көпүрөсүнүн акыркы платформасы, президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглу катышкан азем менен жайгаштырылды.

Көпүрөнүн так ортосунда уюштурулган аземде, президент Эрдоган жана өкмөт башчы Давутоглу менен катар транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Бинали Йылдырым, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, экология жана шаар пландоо министри Фатмагүл Демет Сары, Стамбулдун мэри Кадир Топбаш, Стамбулдун губернатору Васип Шахин жана Түркия автожолдору башкы директору Исмаил Картал да катышты.

Президент Эрдоган август айында бардык көпүрө жолдору менен кошо бүтүрүлүп толук ачылышын чогуу жасай тургандарын айтты.

Өкмөт башчы Давутоглу да «Явуз Султан Селим» көпүрөсүнүн Түркия үчүн сыймык болгонун белгилеп өттү.

Министр Йылдырым болсо биринчи жана экинчи көпүрөнү чет элдиктер курганын, түрк курулушчуларын иштеткенин белгилеп, «Бул көпүрөдө да негизги милдеттенүүчүлөр түрк, курулушчулар чет элдик. Анда япондор, англичандар, кореялыктар салышчу, биз аларга кызмат кылчубуз. Эми түрк милдеттенүүчүлөр салууда, алар болсо астыңкы милдеттенүүчү катары кызмат кылышууда. Бул болсо Түркиянын өзгөргөнүн, басып өткөн жолун көрсөтүп турат», деген серебин салды.

Министр Йылдырым берген маалыматттарга караганда көпүрө көп сандаган жаңылыктарды да кошо ала келди. Платформасынын кеңдиги эң чоң болгон асма көпүрө болуу өзгөчөлүгү менен үчүнчү көпүрөнүн үстүндө, орто эсеп менен 60 метрде 10 тилкелүү жол жана темир жолу бар.

Көпүрөнүн башка бир өзгөчөлүгү да 3 жылдык кыска мөөнөттүн ичинде салынып бүтүшү...

Стамбулдун шаар ичиндеги жана учурда Босфордогу көпүрөлөрдүн жүгүн азайтып, коопсуз жана ыңгайлуу транспорт каттамдарын камсыздоо максатында курулган «Явуз Султан Селим» көпүрөсү, Түндүк Мармара автожолунун 60 километрдик бөлүгү автожол, 35 километрдик бөлүгү байланыш жолу болуп бардыгы 95 км узундуктагы Одайери-Пашакөй бөлүгүндө орун алат.

Босфордогу 3-көпүрө жана Түндүк Мармара автожолу долбоору 2023-жылы дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын катарына кирүүнү максаттаган Түркияны, бул максатына дагы да жакындатат жана заманбап Түркиянын символдорунан бири болот.



Тектеш кабарлар