Стамбулдун эки жээги дагы бир жерден бирикти

Эрдоган Стамбул үчүн жылдыздай жанган долбоордун акыркы платформасынын жайгаштырылуусун сыймыктануу менен көргөндөрүн айтты.

445676
Стамбулдун эки жээги дагы бир жерден бирикти

Босфордун 3-Явуз Султан Селим көпүрөсүнүн акыркы платформасы президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглунун катышуусунда жайгаштырылды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Явуз Султан Селим» көпүрөсүнө акыркы платформанын жайгаштырылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Стамбул үчүн жылдыздай жанган долбоордун акыркы платформасынын жайгаштырылуусун сыймыктануу менен көргөндөрүн айтты.

Көпүрө салына баштаган ар түрдүү сындоолорго кабылганын белгилеген Эрдоган: «Биз Европа менен Азияны, «Явуз Султан Селим» көпүрөсү менен бириктиребиз жана бул биздин дүйнөгө эң маанилүү билдирүүбүз болот. Мына дароо оң жагыбызда Кара деңиз жана Босфордобуз, Мраморго чыгабыз. Ушундай жерде бир гана чоң нерсени ойлгондор болот жана чоң проекттерди аткарышат»,-деди.

Эрдоган, «Август айында бардык бурулуштары менен кошо бардык жагын бүтүрүп толук ачылышын актарабыз. Керек болсо Мармарай долбоорундагы ийгилик жана ушул убакка дейре 130 миллион жүргүнчү Мармарайдан өттү. Алдыбызда Евразия тоннели бар. Евразия тоннели жакында буюрса бүтүрүлөт. Ал ушул жулдын акырында бүтүрүлөт. Ошентип биздин Азия-Европа багытында барып келүүлөрүбүз жеңилдейт. Бардык кыйынчылыктарга карабастан бул кыйынчылыктарды жеңилдете турган кадамдар ташталууда» деп айтты.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу болсо Стамбулдун «Явуз Султан Селим» көпүрөсү менен бирге үстүндөгү жүктөрүн жеңилдете турганын белгилеп кетти.

Тарыхый түзүлүшкө жана Стамбулдун борбордук багытына кандайдыр бир транспорт жүгү болбостон тарнзит өтө турган унаалардын, «Явуз Султан Селим» көпүрөсүн колдонуп жолдорун уланта турганын айткан Давутолу, «Ушундайча Стамбул жер бетинде 3-көпүрө менен жер астында Евразия жана мармарай тоннелдери менен биригип, айрыкча Мелен долбоорун да кошуп 6-жолу эки материкти бириктирген шаар болот. Бул Стамбулдун келечеги жагынан келечек муундары жагынан маанилүү долбоор»,-деди.

«Явуз Султан Селим» көпүрөсүнүн Түркия үчүн сыймыктануу долбоору болгонун баса белгилеген Давутоглу, «Өлкөбүз үчүн сыймыктануу долбоору. Анткени дүйнөдө чоң инвестициялар, экономикалык өсүүнүн төмөндөй башташы менен токтоп турганда бул инвестицияларды үзгүлтүккө учуратпай уланткан жалгыз өлкө Түркия болду. Бүгүнкү күндө Түркия бардык жагынан жогорулаган экономикасы, шаарларына кошкон жаңы өлчөмдөр жана дүйнө жүзүндө аткарган долбоорлору, бул долбоорлордун бир үлгүсү катары «Явуз Султан Селим» көпүрөсү менен дүйнө жүзүнүн күн тартибине позитив түрдө дагы бир жолу мөөрүн басууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар