Ахыска түрктөрү Түркияда

2015 - жылдын 25 - декабрында алып келинген 439 кишилик 116 үй – бүлөдөн турган эки группадан кийин 177 кишилик 35 Ахыска түркү Украинанын чыгышындагы Харьковдон Түркияга алып келинди

444501
Ахыска түрктөрү Түркияда

Президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу жана премьер – министр Ахмет Давутоглунун координациясында Түркияда жашай турган Ахыска түрктөрүнүн экинчи группасы Эрзинжанга келди.

Украинадан Эрзинжандын Үзүмлү районуна 2015 - жылдын 25 - декабрында алып келинген 439 кишилик 116 үй – бүлөдөн турган эки группадан кийин 177 кишилик 35 Ахыска түркү Украинанын чыгышындагы Харьковдон Түркияга алып келинди.

677 үй – бүлө Түркияга жайгаштырылат.

Эрзинжандын Үзүмлү району менен бирге Битлисте да Ахыска түрктөрү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Ахыска түрктөрү 1944 - жылы советтер союзунун лидери Сталин тарабынан жүк ташуучу поезддер менен мекендеринен Орто Азияга айдалып Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга жайгаштырылган.

Бул сүргүндүн Сталиндин Кара деңиз жээктерин түрктөрдөн тазалоо операциясынын бир бөлүгү болгону советтер союзу таркагандан кийин ачылган архивдерде ортого чыкты. Ахыска түрктөрүнүн бул сүргүнүндө миңдеген киши жолдордо каза болду.



Тектеш кабарлар