Дональд Туск Түркияга келет

Дональд Туск Балкан өлкөлөрүнө жасай турган сапарынан кийин 3 - мартта Түркияга келет

442419
Дональд Туск Түркияга келет

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск Түркияга келет. Дональд Туск Балкан өлкөлөрүнө жасай турган сапарынан кийин 3 - мартта Түркияга келет.

Премьер – министр Ахмет Давутоглу менен жолугуша турган Тусктун борбор шаар Анкарада 17 - февралда болгон жана 29 кишинин каза болушуна жол ачкан кол салуу жасалган жерге гүл коюусу күтүлүүдө. Туск андан кийин Стамбулда президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынат. Жолугушуулардын күн тартибин террор менен күрөш жана качкындар кризисинин түзүүсү күтүлүүдө.

Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчылары 18 – 19 - февралда брюсселде болгон Европа Биримдиги лидерлер саммитинин башында Анкарадагы террордук кол салууну айыптаган биргелешкен маалымат жарыяланган болчу. Айрыкча лидерлер Түркия менен саммит өткөрүүгө чечим чыгарышкан. Ушуга караганда 7 – мартта боло турган саммитте көчмөндөр кризиси, Европа Биримдиги - Түркия карым – катнаштары, террор менен күрөш сыяктуу темалар каралат.

Туск Анкаранын террор менен күрөшүү темаларындагы талаптарынын Түркия менен боло турган бул саммитте караларын айткан болчу.



Тектеш кабарлар