«Түркия Сириядагы террордун бардык түрүнө каршы»

Азыркы учурда Түркия каршы чыккан нерсе, Сириянын түндүгүндө, АКШ, Орусия жана Асад режими берген колдоонун жардамы менен курулууга аракет кылынган ПКК башкаруусундагы саясий бир түзүлүш жана террор мамлекети

440652
«Түркия Сириядагы террордун бардык түрүнө каршы»

Азыркы учурда Түркия каршы чыккан нерсе, Сириянын түндүгүндө, АКШ, Орусия жана Асад режими берген колдоонун жардамы менен курулууга аракет кылынган ПКК башкаруусундагы саясий бир түзүлүш жана террор мамлекети.

Душмандыктардын соңуна чыгуусу үчүн кол коюлган Мюнхен келишиминин ишемби күнү түн жарымынан кийин ишке кирүүсү күтүлүп, бардык көңүлдөр Сирияда эмне болоруна бурулду. Бирок согуш барган сайын созулуп, коопсуздук тууралуу санаалар да тереңдеп баратат.

ДЕАШка каршы коалициянын мүчөсү катары Түркия бул террордук уюмга каршы көрүлгөн бардык чараларды колдоп жатат. Согуш формасын өзгөртүп Түркиянын түштүк чек арасында чоң бир коопсуздук рискти түзүүдө. Анкаранын ЙПГ (Калкты коргоо бөлүктөрү) тууралуу санаасы акыркы жумаларда болгон эки абал менен дагы да күч алды. Биринчиси ЙПГнин Африндин чыгышына өтүүгө аракет кылып Азаз, Тал Рифаат, Идлиб жана Халеп аймактарындагы оппозициячыл топторго каршы кол салуулары. Бул кол салуулар Эфраттын чыгышы менен Африндин ортосундагы жерлерди колго алуу үчүн түзүлгөн пландын бир бөлүгү эле. Уфку Улуташ белгилегендей ЙПГнин акыркы максаты ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын астында өзүнүн көзөмөлүндөгү жерлерди кеңейтүү. http://www.nytimes.com/roomfordebate/2016/02/24/are-kurds-allies-or-obstacles-in-syria/the-kurdish-ypgs-fight-in-syria-is-to-win-territory-not-to-oppose-isis)

ЙПГ муну Орусиянын абадан кол салуусу жана Сириянын лидери Башар Асад режиминин толук колдоосу менен аткарууда. Бул абал Орусия жана Асад режимине жардам берүү менен бирге сириялык оппозициячыл топторду күчсүздөндүрүүдө. http://www.nytimes.com/roomfordebate/2016/02/24/are-kurds-allies-or-obstacles-in-syria/unconditional-us-support-for-kurdish-forces-in-syria-harms-the-anti-isis-cause)

Экинчи санаасы болсо ЙПГнин АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм катары кабыл алынган ПКК кол салуулары, ПККга Түркия – Сирия чек арасында курал, ок – дары жана террорист жардамын берген ЙПГ элеметтери жардам берүү менен болгон. Түркия бир тараптан чек араларын ДЕАШка жана чет элдик согушчандарга каршы коопсуз кылууга аракет кылса, ошол эле учурда Сириядан курал жана ПКК менен байланышы болгон террористтердин келишин токтотуу үчүн чара көрүүдө.

Эгерде ПКК жана анын саясий уландылары чечүүчү жол процессинин кайрадан башталышын чындыгында каалап жаткан болсо террордук кыймылдарды оңой менен эле токтотуп, куралдарын таштаганын билдирүүлөрү керек. Ушундайча ПКК «президент Р. Т. Эрдогандын күрттөргө каршы согуш» деп чыгарган окуяларга каршы тура алат. Бирок муну аткарууну четке кагууда. Анын ордуна ПКК жана жактоочулары тынчтык жана демократия сөздөрүн колдонуп, бир жагынан да ПКК терроруна колдоо көрсөтүү менен уюмду актоого аракет кылышууда.

Түркиянын союздаштарынан жардам суроо үчүн бардык укугу бар. ПКК жана ЙПГнин ортосундагы террор байланышына көз жумуп коюу ахлактык жана саясий жактан жаңылыш болот.

ПЙД (Демократиялык Биримдик партиясы) 2003 - жылы ПККнын абактагы лидери Абдуллах Өжаландын түздөн түз жолдомосу менен курулган. ПКК менен бирдей идеологиялык максаттары жана уюмдук түзүлшкө ээ жана уюм менен болгон байлынышын эч качан жашырган жок. 1980 - жылдардан бери ПКК мүчөлөрүнүн 20 пайыздык бөлүгү Сириядан келип жатат. Рагып Сойлу отчетунда кенен түрдө жазгандай көптөгөн АКШ чалгындоо анализи жана отчеттору ПКК жана ПЙДнин ортосундагы байланыш тууралуу сөз кылышкан. http://www.dailysabah.com/war-on-terror/2016/02/20/archives-testimonies-confirm-

pydypgs-organic-link-with-pkk-terror-organization).

Анкаранын ПКК жана ПЙДни четке кагуусун анти - күрт катары кароо кара ниеттик болот. «New York Times» окурмандарын тескери багыттаган макаласында айтылгандардын терсине Түркиянын Түркия күрттөрүнө жана Ирак, Сирия же Иран күрттөрүнө каршы мамилеси жок. Түркия кааласа диний, кааласа марксист – ленинист идеологиядан болсун, террордук уюмдарга каршы. Түркия, Түндүк Ирак аймактык күрт башкаруусу менен абдан жакшы мамиледе, себеби алардын ПКК менен же Асад режими менен байланышы жок.

Бир Bloomberg анализине караганда АКШ жетекчилери ЙПГнин ПКК жана режим тарабынан колдоого алынган террордук топтор менен болгон мамилесин ырастап, кээ бир мамлекеттик жетекчилер бизге АКШ чалгындоо кабарларынын күрттөрдүн куралдуу тобу жана 2011 – жылдан бери Асад режими менен бир катарда согушкан Иран төңкөрүш гвардиялары менен Иерусалим күчү жетекчилеринин арасындагы бир жыйынды күтүп жатышкандарын айтты. Бул фракция айрыкча күрт тобу ЙПГнин Түркия менен согушуп жаткан күрт террордук уюм ПКК менен жакын болуп иштеп жатканын белгиледи. http://www.chicagotribune.com/news/sns-wp-blm-declassified-kurds-165fe466-da41-11e5-8210-f0bd8de915f6-20160223-story.html)

Анкара каршы болуп жаткан нерсе, азыркы учурда Сириянын түндүгүндө АКШ, Орусия жана Асад режиминин берген жаңылыш колдоосунун саясында курууга аракет кылган ПКК башкаруусундагы саясий бир түзүлүш жана террордук мамлекет. Мунун Сирия күрттөрүнүн укугун талашуу менен эч кандай байланышы жок. Тескерисинче Анкара кааласа Сирияда, кааласа Иракта болсун күрттөрдүн укугун талашкан. Негизинен эч ким сөз кыла электе сириялык күрттөрдүн Асад менен болгон маселесине Эрдоган көңүл бурган. Андан башка 2014 - жылы ДЕАШ кол салуусунан качкан 200 миң кобаниликтин өлкөсүнө кирүүсүнө уруксат берген да Түркия болгон. Азыркы учурда болгон нерсе ПККнын Сирия бөлүгүнүн Сириянын түндүгүндө күрт болбогон аймактарга жайылуусу. ПЙД жана ЙПГ адам укуктарын бузуу менен билинүүдө жана эл аралык амнистия уюму Amnesty Internationalдын оюу боюнча «айылдарды жер менен жексен кылып» согуштук кылмыштарды да кылды.https://www.amnesty.org/en/pressreleases/2015/10/syria-us-allys-razing-of-villages-amounts-to-war-crimes/)

Чындыгында АКШ, ЙПГни ДЕАШка каршы колдонууда, Орусия болсо Асад режимин колдоо үчүн жана Асад режими да өзү үчүн ДЕАШты Түркияга каршы колдонууда. Асад күрттөр менен күрөшүү үчүн атасынын изи менен баратат. Хафыз Асад Түркияга каршы колдонуу үчүн 1980 - жылы ПККнын Сирияга кирүүсүнө уруксат берип, Өжаланга ишенимдүү жер жараткан. ПКК эми алардын пайдасына кызмат кылбагандыктан да аларды кууп чыгарды. Бир жыл мурун Башар Асад сириялык күрттөрдү унуткандай көрүнүп жана зулумчулук кылып жаткан. Эми болсо аларды өз тарабына тартууга аракет кылууда, себеби ПЙД жана ЙПГ күнөөлүү Асад режими менен бир жерден орун алып, сириялык күрттөргө эң чоң жамандыкты кылды. Азыркы учурда Сирияда ПЙД жана ЙПГге берилген колдоо оболу Орусия жана Асад режиминин пайдасына кызмат кылууда. Баары ПЙД жана ЙПГ менен Сирия күрттөрүнүн ортосундагы айырмачылыкты билүүсү керек. ПКК Түркиядагы күрттөрдүн өкүлү болбогон болсо, ПЙД да Сирия күрттөрүнүн өкүлү эмес. Негизинен ПКК жана ПЙДнин идеологиясын бөлүшпөгөн жана Асад режимине каршы тик турган миңдеген күрт бар.

Эми болсо бизден ДЕАШ менен согушуу деген аттын алдында 400 миңден ашуун кишинин өлүмүнө жана миллиондогон кишинин качкын болушун көрбөстүккө салган Асад режими жана колдоочуларынын жасаган коркунучтуу кылмыштарын унутуубузду каалап жатышат.



Тектеш кабарлар