Суу проектисиндеги келишпестик чечилди

Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын премьер – министри Өмер Калйонжу суунун иштетилүүсүнө карата эки тараптын ортосундагы келишпестиктердин жоюлганын айтты

439162
Суу проектисиндеги келишпестик чечилди

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда бир канча убакыттан бери улантылып келе жаткан Суу проектисиндеги келишпестик чечилди.

Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын премьер – министри Өмер Калйонжу суунун иштетилүүсүнө карата эки тараптын ортосундагы келишпестиктердин жоюлганын айтты.

Келишим текстинде киргизилүүсүн каалаган өзгөртүүлөрдүн Түркия тарабынан кабыл алынганын билдирген Калйонжу премьер – министр Ахмет Давутоглу менен кыска убакыттын ичинде жолугушуп, келишимге кол коюшарын билдирди.

2015 - жылы 17 - октябрда расмий ачылышы болгон проекти эки тараптын ортосунда иштетүүгө карата пикир айырмачылыктарынан айынан кызматка ачыла алган эмес.

Проектинин кечигүүсү өкмөт ортокторунун арасында да араздашууга себеп болуп, Улуттук Биримдик партиясы келишимге кол коюлбаса коалициядан чыгарын билдирген.



Тектеш кабарлар