Ислам тарбиясы-7

Пайгамбарга ыйман келтирүүнүн жеке инсан жана коомдук жашоо үчүн мааниси

438813
Ислам тарбиясы-7

Алла Таала адамды дүйнөлүк жашоосунда ээн эркин жана жалгыз калтырган эмес, элчиси катары пайгамбарларды жиберген, пайгамбарлар аркылуу китептерди жөнөтүп аларды туура жолго түшүрүүнү максаттаган. Адам акыл-эске ээ болгон жандык катары жаратылган. Көптөгөн жөндөмдүүлүктөрү бар. Бирок Аллаанын буйрук жана тыюу салууларын билүү, чындык жана туураны түшүнүү, Аллаага кантип ибадат кылына турганын үйрөнүү үчүн пайгамбарларга жана китептерге муктаждык бар. Алла Таала ар бир мезгилде адамдардын арасынан тандаган пайгамбарларды жөнөтүп бул муктаждыкты жойгон. Куранда «Ант ичемин, биз ар бир үммөткө Аллаага кулдук кылып, чектен чыкпашы үчүн пайгамбар жибердик» деп буйрук кылып, пайгамбарлардын эмне себептен жиберилгендиги ортого салынган.

Алла Таала адамдардын арасынан эң ырайымдуусун пайгамбар катары тандап, адамдардын кулдук кылуу милдетин аткаруудагы шылтоолорун жойгон. Сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү катары жиберилген пайгамбарлар, Аллаанын адамдарга болгон көптөгөн ырайымдарынын бири болуп эсептелет. Куранда бул жагдай төмөнкүчө сөз кылынган: «Ант ичемин, Алла таала мусулмандарга өздөрүнүн арасынан аларга аяттарды окуган, алардын ички дүйнөсүн тазалаган, аларга китеп жана акылмандыкты үйрөткөн пайгамбар жөнөтүү менен ырайым кылган».

Пайгамбарлык эмгектенүү менен алына турчу кызмат эмес. Аллаанын кайрымдуулугу жана ырайымы болуп саналат. Ал бул кызмат үчүн тандаган кулун ар кандай жамандыктан коргойт жана кызматына ээ кылат. Алла Таала бардык кулдарынан пайгамбарларына ыйман келтирүүлөрүн каалаган. Ошондуктан пайгамбарларына ыйман келтирүү ыймандын негиздеринин бири болот. Пайгамбарларга ыйман келтирүү менен бирге алардын Алла тааладан алып келген билдирүүлөрүн да кабыл алуу жана бул буйруктарын орундатуу керек. Элчиден баш тартуу, жөнөткөндөрүнөн да баш тартуу дегенди туюнтат.

Пайгамбарлар арасында бөлүүчүлүк кылып, бир бөлүгүнө ишенип бир бөлүгүнө ишенбөөнүн да адамды акааратка алып бараары Куранда маалымдалган. Мухаммед пайгамбар ушул тууралуу Куранда пайгамбарлардын бир бөлүгүнүн гана сөз кылынганын, бирок ар бир үммөткө эскертүүчү катары сөзсүз пайгамбар жөнөтүлгөнүн билдирген. Адам баласы дүйнөгө келгенден Азирети Мухаммеддин жиберилгенине чейин бардык пайгамбарлар, орток динди б.а Исламды түшүндүрүшкөн. Кимге, кайда жана качан жөнөтүлсө дагы бардык пайгамбарлардын билдирүүсү бирдей болгон. Алар бири-бирлерин тастыктап ырасташкан, эч бир пайгамбар беркисин жамандаган эмес.

Адамдарды Алланын динине чакырган пайгамбарлардын негизги кызмат жана аракеттери аларды тозоктун отунан коргоого аракет кылуу болуп саналат. Бул абалды мухаммед пайгамбар мындайча окошоштуруп сөз кылган: «Менин сизге болгон мамилем, күйүп жаткан отко курт-кумурскалар түшө баштаганда аларга бөгөт болууга аракет кылган адамдын абалына окшош. Мен сизди оттон коргоо үчүн бел бооңуздан кармап турам, сиз болсо менин колумдан кутулуп отко кирүүгө аракет кылып жатасыз».

Пайгамбарлар башка адамдарда болбогон өзгөчөлүктөргө ээ болгон, адеп-ахлактуу тандамал кишилер болуп саналат. Алар ар ким тарабынан үлгү алына турчу билимдүү адамдар. Таза мүнөздүү жана туура жолдон чыкпагыдай түрдө жаратылган. Алар дайыма жакшылыкка чакырышат. Тууралык, ишенимдүүлүк, акылдуулук, күнөө кылбоо жана Алланын буйруктарын үммөттөрүнө дал өзүндөй билдирүү булар пайгамбарлардын орток өзгөчөлүктөрү болуп эсептелет.

Исламга караганда пайгамбарлар, Алланын билдирүүсүн адамдарга жеткирүүгө милдеттүү болгон элчилери жана кулдары. Аларга илахтык кылуу кечирилбейт. Алланын билдиргендеринен тышкары келечекти билишпейт. Алаанын уруксаты жана тартуулоосу болгон укмуштуулардан тышкары пайда берүү же зыянды жоюу сыяктуу күчтөрү жок.

Алла таала пайгамбарларга пайгамбарлыктарынын далили болгон айрым укмуштуулардан сөз кылган. Алоолонгон оттун Азирети Ибрахимди күйгүзбөшү, Азирети Мусанын таягын деңизге урганда деңиздин жарылып аларга жол бериши сыяктуу укмуштуулар адамдардын көз алдында болгон. Бул ажайып кереметтерге карабастан пайгамбарларга ишенбей көшөргөндөр, зулумдук кылгандардын катарына кирген болот.

Пайгамбарлар, маданияттын руханий элементтеринин негизин түзгөн диний билдирүү жасагандары сыяктуу маданияттын финансылык элементтеринин да жол башчысы болгон. Айрым көркөм өнөр жана техникалар менен жол көрсөтүшкөн. Мисал үчүн Азирети Идрис тигүүчү, Азирети Нух кеме жасоо, Азирети Давуд темир иштетүү жана соот жасоо, Азирети Локман болсо табыпчылыкты адам баласына үйрөткөн.

Пайгамбарлардын адамдардан болушу диндин түшүнүгүн жана жашалышын жеңилдеткен. Анткени пайгамбарлар диндин буйруктарын жеке өздөрү ишке ашырып көрсөтүшкөн.

Тууралык жана ишенимдүүлүк сыяктуу маанилүү сыпаттар пайгамбарлар тарабынан эң жакшы түрдө өкүлдүк кылынып, адеп-ахлак түшүнүгү ишке ашырылган.

Азирети Якуб үмүтү менен, Азирети Юсуф акылмандыгы менен, Азирети Муса укугу менен, Азирети Эйуб болсо сабырдуулугу менен үммөтүнө жана бардык адам баласына унута алгыс сабактарды берген.



Тектеш кабарлар