Террор

Диярбакырдын Сур районунда жикчил террордук уюм ПКК менен болгон кагылышууда бир аскер каза болду

434327
Террор

Диярбакырдын Сур районунда жикчил террордук уюм ПКК менен болгон кагылышууда бир аскер каза болду. Башкы штабдын төрагалыгы террор менен күрөшүү тууралуу акыркы абалдарды интернет сайтынан билдирди. Ушуга караганда Диярбакырдын Сур районундагы кагылышууда 1 террорист да куралы менен өлтүрүлдү.

Террористтер тарабынан жасалган куралдуу кол салууда жараланган 3 аскер болсо ооруканага жаткырылды. Бирок жаралуу аскердин бирөөсү бардык жардамдарга карабастан куткарыла алган жок.

Бир тараптан Газинатеп менен Килисте террордук уюм ПЙД менен ДЕАШ мүчөсү болгон 18 киши кармалды.

Газинатептин Кемал Янык чек ара пунктунда ПЙД террордук уюмуна мүчө чет элдик 5 жана террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 10 киши Түркиядан Сирияга өтүп баратып кармалды.

Килистин Алсанжак чек ара пунктунда болсо ДЕАШ террордук уюмуна мүчө 3 киши камоого алынды.



Тектеш кабарлар