Измирде качкындар кармалды

Качкындарды ташыган микро автобустун шофёру качып кеткен

433382
Измирде качкындар кармалды

Измирде мыйзам тышы жолдор менен грек аралдарына барууга аракет кылган, араларында аялдар менен балдар да болгон 62 качкын кармалды. Бужа районунда күзөттөгү тартипти сактоо директорлугунун топтору бир жүк ташуучу машинаны токтотту. Үстү бренда менен жабылган жүк ташуучу машинада жүргүзүлгөн иликтөөдө араларында аялдар менен балдар да болгон сириялык 22 качкын кармалды. Айдоочу жана жанындагы эки киши камоого алынды.

Конак районунда болсо полициянын «токто» эскертүүсүнө баш ийбеген микро автобус кырсыкка учурады. Айдоочу окуя болгон жерден качып, микро автобуста араларында аялдар менен балдар да болгон сириялык 40ка жакын качкын кармалды. Микро автобустун айдоочусун изилдөө улантылуда.


Этикеткалар: #Түркия , #кабар

Тектеш кабарлар