ПЙД деген ПККнын туундусу

ПЙДнын тикелей ПККнын өзүнүн кадрларынан турганын далилдеген 55 барактык отчет АКШнын Мамлекеттик департаментине жиберилди.

432508
ПЙД деген ПККнын туундусу

Террор уюму ПЙДнын ПККнын өзү экенин далилдеген документтер.

АКШнын ПЙДны террор уюму катары карабаганын жарыялашынан кийин Түркиянын коопсуздук директорлугу отчет даярдады. ПЙДнын тикелей ПККнын өзүнүн кадрларынан турганын далилдеген 55 барактык отчет АКШнын Мамлекеттик департаментине жиберилди.

Анда, Түркиянын чек арасындагы Сириянын күрт аймагындагы ПЙДнын куралдуу, саясий жана дипломатиялык кыймылдарына орун берилди.

ПЙДнын башкаруучуларынын мындан мурда Кандилде ПККнын башкаруучусу болгону жөнүндөгү маалыматка орун берилген отчетто, ПЙДнын куралдуу тармагы ЙПГ тууралуу да кеңири маалымат берилди.

ПЙДнын 2003-жылы Абдуллах Өжаландын өзүнүн буйругу менен курулганы түшүндүрүлдү. Абдуллах Өжаландын ПЙДнын кандай жана кантип түзүлүшү керектиги жөнүндө адвокаттарына берген буйруктары да отчетто орун алды.

2003-жылы 17-октябрда курулган ПЙДнын Сириянын чалгындоо кызматы Ал Мухабераттын тыңчылары менен да тыгыз байланышта болгону түшүндүрүлүп, Сириядагы түзүлүштүн ПККнын Түркиядагы уюмдашуусун модель кылып алганы, ПЙДнын штабдарынан экөөнүн Духок жаан Кандилде болгону белгиленди.

Кармалган жана багынып берген террористтер суракта ПЙД жана Асад башкаруучулугунун ортосунда жашыруун келишим түзүлгөнүн жана ага караганда Түркия чек арасына жакын жердеги күрт аймагынын көзмөлү жана текшерилишинин толугу менен ПЙДга калтырылганы, андан кийин куралчан ЙПГнын түзүлгөнү түшүндүрүлдү.

ПККнын Түркиядан чыгуу шылтоосу менен 2013-жылдан бери 2 миң чакты куралчан террористти Сириянын түндүгүнө жайгаштырганы белгиленип, ЙПГнын мунай зат кудуктары орун алган Римеланда көзөмөлдү колунда кармаганы белгиленди.

Багынып берген же Сирия чек арасынан өтүп бара жатканда кармалган ПЙД-ЙПГлыктардын андан мурда ПККнын тоодогу кадрлары болгону белгиленген рапортто анык көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар