ПККнын күнү толгондо таштандыга ыргытылат

Нуман Куртулмуш: «Күчтүү Түркияны каалашпайт».

432138
ПККнын күнү толгондо таштандыга ыргытылат

Вице-премьер Нуман Куртулмуш ПККнын колдонулуу күнү бүткөндө таштандыга ыргытылаарын айтты.

Анкарадагы «Жиханнүма» коомунун мүчөлөрү менен жолуккан Нуман Куртулмуштун күн тартибинде Чыгыш жана Түштүк Чыгыштагы террор окуялары бар эле.

Сындоолорун террор уюму ПККга багыттаган Нуман Куртулмуш, «Бул өлкө бир убактарда АСАЛА деген террор уюму менен кармашкан. Анын колдонулуу күнү толгондо таштандыга ыргытышты. ПККнын да колдонуу күнү толгондо таштандыга ыргытыла турганынан эч шек санабагыла. Эртең же бир күнү ДЕАШтын да колдонуу күнү толот, аны да таштандыга ташташат. Ал эми террор бүтпөйт»,-деп айтты.

«Күчтүү Түркияны каалашпайт»,-деп айткан Нуман Куртулмуш, дүйнөнү коркуткан деңгээлге жеткен көч маселесине да көңүл бурду.

Батышты сындаган вице-премьер Нуман Куртулмушка караганда баш калкалоочу маселесинин чечилиши үчүн ачкыч, адилеттикке жана укукка таянган дүйнөлүк тартип...

Куртулмуш: «Бул маселе адамзат маселеси. Каалашса чек араларына дубал тургузушсун, көк асманына купол коюшсун, каалгадан кубалашсын. Дүйнө ушундай улана берсе баш калкалоочулар батышка терезеден кирүүгө аракет кылышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар