Катардын эмири Түркияда жолугушууларды өткөрдү

Аль Сани кимдер менен жолугушту?

431827
Катардын эмири Түркияда жолугушууларды өткөрдү

Катардын эмири Шейх Бин Хамед Аль Сани Түркияда жолугушууларды өткөрдү.

Аль Сани Стамбулда президент Режеп Тайып Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглу менен жолугушту.

Катардын эмири алгач президент Эрдоган менен иш алпаруу тамагында кезикти.

Анда Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак жана Улуттук чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан да болду.

Йылдыз Сарайындагы Мабейн бөлүмүндөгү сүйлөшүү орто эсеп менен үч саатка созулду.

Катардын эмиринин андан кийинки бекети болсо Долмабахчедеги премьер-министрликтин иш кеңсеси эле.

Аль Санинин премьер-министр Давутоглу менен жабык эшик артында өткөргөн жолугушуусу бир жарым саатка созулду.



Тектеш кабарлар