Иш-аракет планы узун процесстин жыйынтыгы

Давутоглу Казакстандан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маанилүү маалыматтарды берди.

429130
Иш-аракет планы узун процесстин жыйынтыгы

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Мардинде жарыялаган террор менен күрөшүү жана иш-аракет планы үчүн, «Бир түндө эле илхам келип жазылган жок, бул узун процесстин жыйынтыгы катары ортого чыкты»-деди.

Өкмөт башчы Давутоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Казакстандан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маанилүү маалыматтарды берди.

Мардинде жарыяланган террор менен күрөшүү жана иш-аракет планынын узун процесстин жыйынтыгы катары келип чыкканын белгилеген Давутоглу, планга коомдук пикирден келген алгачкы реакцияларга жооп берди.

Давутоглу: «Бул план көптөн кийин түзүлдү. Пландын маанилүү бир бөлүгү да жарандык коомдук уюмдар менен болгон жолугушууларда келген талаптарга таянган беренелер. Бул процесстин жыйынтыгы бул. Келген алгачкы реакцияларга караганда, оң болгонун көрүүдөмүн»-деди.

АК партия өкмөттөрүндө демократиялашуу кадамдары ташталбаган мезгил жок экенин сөз кылган премьер-министр Давутоглу, жаңы пакеттер да даярдалып жатканын билдирди.

Өзгөчө террор менен күрөшүү жүрүп жаткан областтарда кызмат кылган Областтык атайын башкарууларга байланыштуу токтом даярдалганы жөнүндөгү айтымдарды ачыктап берген Давутоглу, мамлекеттик башкарууларда жана ошондой эле ПККга карай аянттарда да толук кысымды ишке ашыра тургандарын айтты.

Премьер-министр Орусия колдогон Сирия режиминин кыргындары темасында, Орусиянын Сириядагы максатын жарыялады, Халебге өзүнчө кашаа ачты.

Орусиянын Сирияда этникалык тазалоо кылып жатканынын ачык далилдери болгонун баса белгилеген Давутоглу, ПЙД жана режимге аянт ачуу, ДЕАШты куткарыш үчүн түркмөндөрдүн, араптардын,күрттөрдүн жана сунниттердин жерлеринен ажыратылганын айтты.

«Анткени ортодо жалгыз эле ДЕАШ калса, Женевада үстөлгө олтура турган жөнөкөй оппозициячыл калбайт»,-деген Давутоглу: «Оппозициячылдар, режимдин туруктуу армиясына, учагына, химиялык куралына, баррель бомбаларына көп убакытка дейре туруштук берди. Ал аз келгенсип, режим Ирандын төңкөрүшчүл гвардиясы менен келди. Орусия келди. Ал аз келгенсип бардыгы чогуу кол салышууда. Буга карабастан Халеб чыдап турат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар