Женевага тиешеси болбогондор чакырылды

Перуда Сан-Игнасио де Лойола университетинде демократияга салымдарынан улам ардактуу докторлук наамы ыйгарылган президент Эрдоган, бул жердеги сөзүндө Женева жолугушууларына токтолду.

427373
Женевага тиешеси болбогондор чакырылды

Президент Режеп Таййып Эрдоган Женевадагы Сирия жолугушууларынын айдын акырына кечеңдетилишине, «Дүйнө жүзүн алагды кылуу үчүн чогулуп жатасынарбы? Сизден дүйнө жүзү натыйжа күтүүдө»,-деп айтып катуу каршылык көрсөттү.

Президент Эрдоган Женева жолугушууларына чакырылгандар темасында да, «Ал жерде болушу керек болгондор ал жерге алынбай, ал жерде болбошу керек болгондор чакырылууда»,-деп айтты.

Түштүк Америка сапарынын экинчи аялдамасы Перуда Сан - Игнасио де Лойола университетинде демократияга салымдарынан улам ардактуу докторлук наамы ыйгарылган президент Эрдоган, бул жердеги сөзүндө Женева жолугушууларына токтолду.

Айдын аягында боло турган жыйналыштан да үмүтү жок экенин белгилеген Эрдоган, жолугушууларга тиешелүү тиешесиз ар ким катышканын, жабык эшик артында да ар башка темалар каралганын айтты.

Президент Эрдоган Орусиянын бир тараптан Женевадагы жыйналышта өкүлү бар экенин, экинчи тараптан да Сирияда адамдарды өлтүрүүсүн улантып жатканын белгилеп өттү.

Эрдоган Түркия-Перу ишкерлер форумунда да Эл аралык Валюта Фондунун (IMF) Түркия тууралуу өсүү божомолдоолорун сындады.

Түркиянын өсүү божомолдорун IMFтин эми да так айта албай турганын баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын болсо божомолдордон жогору өсө турганын айтты.

Өз сөзүндө Түркиянын IMFке карызынын калбаганын да эске салган президент Эрдоган, IMFтин карыз берген өлкөлөргө карата мамилесин сынга алды.

Президент Эрдоган карыз берген өлкөлөрдү саясий жактан башкарууга аракет кылышынын кабыл алынгыс болгонун жана муну премьер-министр кезинде фондго которгонун эске салды.

Түркия-Перу экономика карым-катнаштарына да токтолгон Эрдоган, Түркиянын Перуну маанилүү бир соода базасы катары көргөнүн белгилеп, ишкерлерге чакырык салды.

Президент Режеп Таййып Эрдоган эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн эң кыска убакта бүтүрүлүшү керектигине көңүл бурду.

Перудагы жолугушууларын аяктаган президент Эрдоган Түштүк Америка сапарынын үчүнчү аялдамасы Эквадорго жөнөдү.



Тектеш кабарлар