Сауд арабиялык инвесторлор Түркияга келишет

Ахмет Давутоглу Сауд Арабиядагы маалымат жыйынында бир топ теманы бөлүштү.

426219
Сауд арабиялык инвесторлор Түркияга келишет

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Орусиянын Аба мейкиндигин бузууларды жаап жашыруусу мүмкүн эместигин айтты.

Сауд Арабияда жолугушууларды өткөргөн өкмөт башчы Давутоглу Королдук сарайда маалымат жыйын өткөрдү.

Орусиянын айрым аба мейкиндигин бузууларына токтолгон Давутоглу, эми дүйнөдө эч бир өлкөнүн изоляция болбогонун, кайсы жерде аба мейкиндигинин бузулганы так белгилене алганын айтты.

Орус учагынын Түркиянын аба мейкиндигин бузуп киргенин айткан Давутоглу, бул бузууну НАТО дагы, Түркия дагы радарлар менен белгилегенине көңүл бурду. Түркиянын Орусия менен чыңалууну күчөткүсү келбегенин айткан Давутоглу, «А бирок Түркия аба мейкиндигин коргоо темасында да керектүү сезимталдыкты ар дайым көрсөтөт»-деди.

Сирияда кыргын салган режим жана варвардай кылмыштарды кылган ДЕАШтын бирдей эле өлчөмдө күнөөлүү болгонун баса белгилеген Давутоглу, «Түркия катары, Сауд Арабия менен бирге Сириянын жөнөкөй оппозициясын колдообузду улантабыз»-деп айтты.

Давутоглу: «Орусияны дагы бир жолу эскертебиз, керек болсо Сириядагы оппозициячыл топторго тийгизген зыяны, керек болсо Түркиянын аба мейкиндигине карай улантып жаткан коркутуучу кыймылдары Орусиянын кызыкчылыгына эч кызмат кылбайт»,-деди.

Давутоглу Түркиянын Сирияда ар дайым жөнөкөй оппозициячылдардын катарында, ДЕАШтын режимдин жана Сирияны курчап алган чет элдик күчтөргө каршы туруусун уланта турганын айтты.

Сауд арабиялык кесиптештери менен Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык механизминин негизги принциптери жана механизмдин кандай илгерилей турганы темасында пикир алмашкандарын да түшүндүргөн Давутоглу: «Буюрса бул келишим акыркы иштер менен кошо король Селмандын апрель айындагы Түркия сапарында кол коюлушу үчүн даярдалат»-деди.

Давутоглу экономикалык алкакта болсо дүйнөдө эң көп инвестиция салган 30 чакты маанилүү Сауд тектүү фирма жана инвесторлор менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөндөрүн сөз кылды.



Тектеш кабарлар