Эгемендик укуктарыбызды бузуунун жыйынтыгына Орусия өзү жооп берет

Эрдоган, Орусия ПКК террористтерин колдоп жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөнүн билдирди.

426013
Эгемендик укуктарыбызды бузуунун жыйынтыгына Орусия өзү жооп берет

Орусиянын президенти Владимир Путин менен өзү сүйлөшкүсү келгенин да билдирген Эрдоган, «Ага жеткирилген бул талабыбызга азырынча жооп ала элекпиз»,-деп айтты.

Эрдоган Чилиге кетээр алдында «Ататүрк» аэропортундагы конок үйүндө өткөргөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берди.

Женева жолугушулары темасындагы суроого жооп иретинде Президент, ПЙДнын террор уюму экенин түшүндүрүп, «Биз, бир террор уюму менен эмнелерди сүйлөшөбүз? Бул сунушту алып келгендер ДЕАШ менен да бир үстөлгө олтуруп көрүшсүн. ДЕАШ менен бир үстөлгө олтура алышабы? Буга нормалдуу нерсе катары карала алабы? Каралбайт. Ал кандай нормалдуу эмес болсо, анын сыңары ушундай террор уюму менен биздин да бир үстөлгө олтурушубуз эч мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Орусиянын бул жердеги мамилесин да туура көрбөгөнүн белгилеген Эрдоган: «Ансыз деле Орусия ПКК террор уюму менен сүйлөшүү өткөрүп, аброюн бул жерде да кирдетти»,-деди.

Орусиянын учагынын Түркиянын аба мейкиндигин бузуп киришине байланыштуу суроого болсо Эрдоган, Орусия Түркиянын эгемендик укутарын бузууларын уланткан учурунда анын жыйынтыгына өздөрү жооп бере турганын да кошумчалады.

Президент, «Мындай түрдөгү жоопкерчиликсиз кадамдардын Орусия Федерациясына дагы НАТО-Орусия карым-катнаштарына дагы, аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка дагы эч кандай пайдасы тийбейт, тескерисинче олуттуу зыяны бар»,-деп айтты.

Учурубузда Орусиянын жаңы мисалдарына күбө болуудабыз. Сириянын чек арасына жакын аймактагы жарандарга Орусиянын кол салуулары кооптондурганын сөз кылган Эрдоган, эл аралык коомчулукту, адам укуктарын бузууга каршы дагы сезимтал болууга чакырып, «Учурубузда Сирияда ар кимдин көз алдында болуп жаткан зулумдуктарды көрмөксөнгө салгандардын эртең боло турган жыйынтыктарына даттануу укуктары да болбойт»,-деди.

Президент Режеп Таййып Эрдоган ушул убакка дейре аймакта Байырбужак түркмөндөрүнө таандык бир топ айылдын бомбаланганын жана бомбалануусу да уланганын сөз кылып, «3 миң киши ушул убакта биз тарапка өтүүдө. Учурда мунун пландоолору жасалды, келген баардык тектештерибизди, баш калкалоочуларды лагерлерде багууга даярданып жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар