Террордун ар түрдүүсү жок кылынганга дейре күрөш уланат

Президент Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук коопсуздук жыйынында террор менен чечкиндүү күрөшүү баса белгиленди.

425432
Террордун ар түрдүүсү жок кылынганга дейре күрөш уланат

Улуттук коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү президент Режеп Таййып Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Жаңы жылдагы алгачкы жыйын 6 саат 40 мүнөткө созулду. Жыйналыштан кийинки маалымат жыйынында террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк баса белгиленди.

Террордун ар түрдүүсү четке кагылганга дейре чечкиндүү жана принциптүү түрдө күрөш улана турганы белгиленди. Анда ПККга карай операциялар убагында үйлөрү зыянга учураган атуулдардын жапа чегүүлөрүнүн жоюлушуна карата чаралар көрүлө турганы белгиленди.

Улуттук коопсуздук кеңешинде Сириядагы абалдар да каралды.

Оппозициячыл топтор менен бирге Сирия Түркмөндөрүнө болгон колдоонун уланышы багытындагы чечкиндүүлүк баса белгиленди, ал ачыктоого да чагылышты.

Сириянын келечегинин курулушунда учурдагы режим, ДЕАШ жана ПЙД-ЙПГ баштаган кандайдыр бир террор уюмунун орун албоосу керектиги сөз кылынды.

Жыйналышта Орусиянын Сириядагы режим менен бирге жүргүзгөн операцияларына сереп салынып, Ирактагы акыркы абал да каралды.

Либия, Йемен менен Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы абал да жыйналыштын күн тартибинде болчу.

Европа Биримдиги менен кайрадан оң багытка бурулган карым-катнаштарга ыраазычылык билдирилди.

Айрыкча кибердик чабуулдар жана кибердик коопсуздук иш-чараларына байланыштуу маалыматтандыруу жасалды.



Тектеш кабарлар