ПЙД деген ПККнын уландысы...

Давутоглу Женевадагы «Сирия жолугушууларына» террор уюму ПЙДнын катышуусуна каршы чыккандарын айтты.

424862
ПЙД деген ПККнын уландысы...

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Женевадагы «Сирия жолугушууларына» террор уюму ПЙДнын катышуусуна каршы чыккандарын айтты.

Сириядагы күрттөрдүн үстөлгө олтуруусун талап кылгандарын баса белгилеген Давутоглу, ПЙДнын Түркия, АКШ жана Европанын террор уюму катары тааныган ПККнын уландысы болгонун билдирди.

Давутоглу CNN Интернейшнлда Кристиан Аманпурдун суроолоруна жооп берди.

Аманпурдун террор уюмдарынан кайсынысы дагы коркунучтуу суроосуна өкмөт башчы Ахмет Давутоглу, «ПКК дагы, ДЕАШ дагы Түркия үчүн коркунучтуу», деген жообун берди.

Давутоглу ар бир эки террор уюмунун тең идеологиялык жактан демократияга каршы болгонун баса белгиледи.

Орусиянын Сирияда жүрүзгөн абадан кол салууларына сереп салган Давутоглу: «Орусия Сирияда терс мамиле көрсөтүүдө. Чындыгында Сирияны басып алууда. Халеб, Идлиб жана Латакиядагы Орусиянын бомбалоолорунун 90 пайызы жарандарга багытталган. Мектептерди жана ооруканаларды бомбалап жатат. Орусиянын бомбалоосунан качкан жаралуулар Түркияга баш калкалап жатышат»-деп айтты.

Давутоглу, «Орусиянын Сирияда жарандарга урмат-сый көрсөтүүсүн жана аларды Түркия чек арасына түртпөшүн күтүүдөбүз»-деди.

Террор уюму ПККнын жарандарды кыргынга учуратышына үн катпай туруп террорго каршы жүргүзүлгөн операцияларга кыйыр түрдө каршы чыккан чөйрөлөр да премьер-миистр Ахмет Давутоглунун күн тартибинде эле.

Давутоглу айрым чөйрөлөрдүн билдирүүлөрүнүн сөз эркиндиги эмес террорго колдоо көрсөтүү болгонун айтты.



Тектеш кабарлар