Түркияда акыркы курал ташталганга дейре күрөш уланат

Давутоглу-Байден жолугушуусунан кийинки маалымат жыйынында айтылгандар.

424330
Түркияда акыркы курал ташталганга дейре күрөш уланат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түштүк Чыгыш аймагында жана бүтүндөй Түркияда акыркы курал ташталганга дейре террорго каршы күрөш улана турганын жана "Эгерде Аль-Каида АКШда аң казса мамилебиз ушундай эле болмок",-деди.

Ахмет Давутоглу жана АКШнын вице-президенти Жо Байден Долмабахчедеги жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Байден менен орток коопсуздук маселелери бөлүшүлгөнүн сөз кылган Давутоглу, Түркиянын чек араларында ДЕАШты дагы ПККны дагы каалабаганын билдирди.

Өкмөт башчы: "ЙПГ,ПККнын бир бөлүгү болуп эсептелет жана ПККдан ачык түрдө колдоо көрүүдө"-деп айтты.

Жой Байдендин сапары абдан орчундуу мезгилге туура келгенин жана маселелерди абдан кеңири талкуулоо мүмкүнчүлүктөрүн тапкандарын баса белгилеген Давутоглу, АКШнын президентинин орун басарына "Султанахметке" чейин барып террордук кол салууда каза болгондорго урматтоосун көрсөткөнүнөн улам ырахматын айтты.

"Күтүүбүз жана талабыбыз картинанын чоң бөлүгүнүн көрүнүшү"-деп айткан Давутоглу, аймакта кол салуу коркутуусун кылган ДЕАШ, Асад режиминин күчтөрү жана ПЙДга каршы Түркиянын коопсуздугу талап кылган бардык кадамдар таштала турганын айтты.

АКШнын вице-президенти Жо Байден да Түркия менен карым-катнаштарга маани бергендерин сөз кылды жана ДЕАШ, ПКК, аль-Нусра сыяктуу маселелерде бирдей көз карашта болгондорун баса белгиледи.

Террорго каршы кызматташуусун уланта тургандарын белгилеген Байден: "Түркия туш болгон жалгыз коркунуч ДЕАШ эмес. ПКК да бар. Түркия ПКК менен тынчтык түзүүгө аракет кылды бирок майнап чыккан жок. Премьер-министр Давутоглу элин коргош үчүн колунан келген ишти кылат"-деди.

Кипр маселесине да токтолгон Жо байден, "Түркия, Кипр боюнча тарыхый жолду чийүүдө. Аймакта потенциалдуу роль ойношуңуз үчүн колубуздан келгенин кылабыз",-деп айтты.

Бир тараптан өкмөт башчы Давутоглу менен АКШнын вице-президенти Жо Байдендин ортосундагы жолугушууда, Башика лагери жана Иракта ДЕАШ менен күрөшүү темасында координациянын күчтөндүрүлүшү жана жаңы демилгелер менен жолду улантуу темасында макулдашуу түзүлгөнүн билдирди.

Премьер-министрликтин маалымат борбору маалымдагандай Давутоглу-Байден жолугушуусунда Башика лагери жана ДЕАШ менен күрөшүү темалары каралды. Жолугушууда Башика лагери жана Иракта ДЕАШ менен күрөшүү темасында координациянын күчтөндүрүлүшүү жана жаңы демилгелер менен жолду улантуу темасында макулдашуу түзүлгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар