Эрдоган Түркмөнстанга барат

Түркмөнстандын бейтараптыгынын 20 жылдыгына карата уюштурулган конференцияга катышат.

405073
Эрдоган Түркмөнстанга барат

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркмөнстанга барат.
Президенттиктен маалымдалгандай Эрдоган 12-декабрда Түркмөнстандын борбору Ашхабадда Түркмөнстандын бейтараптыгынын 20 жылдыгына карата уюштурулган «Бейтараптык конференциясына» катышат.
Президент Эрдогандын Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов менен катар сүйлөшүүчүлөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү көздөлүүдө.
Түркмөнстандын бейтараптыгы эң жогорку деңгээлде белгилене турган конференцияга көп сандаган өлкө жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүп жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар