Чатыр шаарлар кышка даярданууда
Түркияда 10 облуста курулган 25 лагерде 260 миңге жакын сириялык жашап жатат
405398
Түркияда лагерлерде жашап жаткан сирялыктардын кышты кыйналбастан өткөрүүсү үчүн чаралар көрүлүүдө. Кахраманмарашта 4 миң чатырда жашап жаткан 18 миң сириялыкка жууркан, кышкы кийим таркатылды. Бул тууралуу чатыр шаар башкармалыгынын орун басары Нуреттин Каракоюн : «Ушул күнгө чейин 18 миңге жакын жууркан, төшөк, кышкы кийимдерди таркаттык. Чатырларынын үстү кышка ылайыкташтырылып жабылды. Кудай буйруса бул кышты жакшы өткөрүү үчүн чараларды көрдүк»,- деди. Түркияда 10 облуста курулган 25 лагерде 260 миңге жакын сириялык жашап жатат.