Премьер - министр учакта билдирүү жасады

Премьер – министр Давутоглу ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде Гремания менен Англиянын Инжирлик базасын колдонуусуна оң карабаганын билдирди

358821
Премьер - министр  учакта билдирүү жасады

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Сирия маселесинин соңуна чыгып бара жатканын айтуунун чындыкка жатпай турганын белгилеп : «Бул кризис чечилбестен эч ким өзүн коопсуздук ичинде сезе албайт»,- деди. Премьер – министр Давутоглу ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде Гремания менен Англиянын Инжирлик базасын колдонуусуна оң карабаганын билдирди. Давутоглу 2 күндүк расмий сапар менен барган Азербайжандан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди. Түркмөндөрдүн Сирияда кантон жарыялоо ыктымалы тууралуу суроого жооп берген премьер – министр : «Бул туура болбой калат. Өзгөчө этникалык базадагы түзүлүштөрдү кабыл албайбыз. Сириянын жеринин бүтүндүгүнө маани берүүдөбүз. Сирияны бөлүп – жара турган кыймылдарга каршы туруубуз керек»,- деди.
Премьер – министр Сирия чек арасынын Америка менен бирдикте жүргүзгөн операцилар менен ДЕАШтан коргоодо чечкиндүү экендерин айтты. Сирия кризиси чыкканда Түркиянын эскертүүлөрүнө жетеринче көңүл бурулбаганын айткан премьер – министр эми бул аймактын ДЕАШтан тазалануусу керектигин эл аралык коомдун да байкаганын белгиледи.
Германиянын Аданадагы Инжирлик базасын ДЕАШка каршы операцияларда колдонуу үчүн кайрылганын жана бул тууралуу керек болгон нерселердин жасалганын айткан Давутоглу Англиядан да талап келе турган болсо каралып чыгыларын айтты. Ахмет Давутоглу Орусия менен болуп жаткан кризисте Москва башкаруусунун окуянын психологиялык жагын колдонуудан алыс туруусу керектигин белгиледи. Карым – катнаштардын нугуна отуруусу үчүн диалог чакыруусун кайталаган премьер – министр байланыш каналдарынын ачык болушуна муктаждыктын бар экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар