Давутоглу Бакуда иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Орусия менен кризис болуп жаткан мезгилде Азербайжан менен болгон жакын диалогдун абдан чоң маанисинин бар экенин айтты

399807
Давутоглу Бакуда иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Азербайжандын борбор шаары Бакудагы программасынын негизинде иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жыйынга катышты.
Давутоглу жыйында сүйлөгөн сөзүндө Азербайжандагы фирмалар менен бирге орток проектилер менен иштеген ишкерлердин маселелерин угушарын белгилеп, ишкерлерден күтүүсүнүн Түркия – Азербайжандын арасындагы тарыхый жана руханий бир туугандыкты проектилер менен күчтөндүрө турган жана Азербайжан менен Түркияны түбөлүк бири бирине байланыштыра турган экономикалык проектилер жана инвестицияларга маани берүү экенин айтты.
Премьер – министр Ахмет Давутоглу Орусия менен кризис болуп жаткан мезгилде Азербайжан менен болгон жакын диалогдун абдан чоң маанисинин бар экенин айтты. Давутоглу, Чавушоглу – Лавров жолугушуусунун маанисин белгилеп : « Мындан да маанилүүсү маселелер канчалык чоң болсо болсун, жетекчилердин бетме – бет сүйлөшүп маселени чече турган эркти көрсөтүүлөрү»,- деди.
Давутоглу Түркия – Орусия карым – катнаштарынын Балкан өлкөлөрү, Кавказдар, Орто Азия жана Евразия – Европа байланыштарынын да абдан чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Давутоглу : «Орусия менен байланыш каналдарын ачык кармоону улантабыз. Кавказияда жана Балкандарда, Кара деңизде жана Орто Азияда туруктуу тынчтык жана ырааттуулуктун болушу үчүн Орусиянын кошо турган салымынын маанисине да ишенүү менен байланыш каналдарыбыз дайыма ачык болот. Бирок муну да билүү керек : Түркияга кайсы өлкө экономикалык эмбарго жасаса жасасын бирок бул эмбарголор эмбарго жасаган өлкөлөрдү дагы көп таасирлентет. Андыктан азыр рационалдуу ойлонуунун убактысы»,- деди. Давутоглу иш дүйнөсүнүн Орусия – Түркия карым – катнаштарында ортого чыккан араздашуудан таасирленбеши үчүн бардык чараларды көрөрүн да баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар