Чавушоглу - Лавров сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри бүгүн Бельградда Лавров менен жолугушат

398772
Чавушоглу - Лавров сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Бельгардда Орусиянын тышкы иштер министри Лавров менен жолугушат.
Чавушоглу - Лавров жолугушуусу саат 16.30да башталат.
Тышкы иштер министри Чавушоглу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сербиянын борбор шаары Бельградда ЕККУнун 22 - министрлер кеңешинин жыйынына катышат.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Брюсселде ТРТга берген маалыматында Орусия менен болуп жаткан кризистин диалог жолу менен чечиле аларын айтты. Чавушоглу : « Ар бир өлкө менен маселе жашалышы мүмкүн, бирок эң негизги нерсе буларды сүйлөшүп, маселени чечүү. Орусия менен бул маселени сүйлөшүү менен чече алабыз»,- деди.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Түштүк Кипр Рум бөлүгүндөгү жолугушууларында басма сөз кызматкерлерине берген маалыматта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунан сүйлөшүү талабы келе турган болсо четке кагышпай турганын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар