Ахмет Давутоглу ар дайым Азербайжандын жанында экендерин айты

Давутоглу Азербайжан менен жогорку деңгээлдеги саясий байланыштардын улантылып жатканын, эки өлкөнүн соода көлөмүнүн 5 миллиард долларды ашканын билдирди

399240
Ахмет Давутоглу ар дайым Азербайжандын жанында экендерин айты

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Түркиянын Тоолуу Карабах тууралуу ар дайым Азербайжандын жанында орун алганын билдирди.
Давутоглу Азербайжанга кеткенден мурда Эсенбога аэропортунда өткөргөн пресс – жыйында Түркияда өкмөттүн курулушунан кийин салт катары Түндүк Кипр Түрк Респбликасынан кийин да Азербайжанга барышкандарын айтты.
Түркия үчүн Азербайжандын ар бир маселесинин Түркиянын маселеси сыяктуу маанилүү экенине көңүлдөрдү бурган Давутоглу : «Азербайжандын баскын астындагы жерлери тууралуу Тоолуу Карабах маселесине карата мамилебиз ачык жана так. Эл аралык укук жактан Азербайжан территориясы болгон бардык жерлерди эркиндикке жеткирүү маанисинде Түркия Азербайжандын жанында орун алат»,- деди.
«Дайыма айтканыбыздай Азербайжандын жанындабыз»,- деген премьер – министр Ахмет Давутоглу Азербайжан менен бир тууган жана дос болуудан башка «бир улут эки мамлекет» деген түшүнүк менен карым – катнаштардын өнүктүрүлгөнүн баса белгиледи. Премьер – министр Ахмет Давутоглу Азербайжан менен жогорку деңгээлдеги саясий байланыштардын улантылып жатканын, эки өлкөнүн соода көлөмүнүн 5 миллиард долларды ашканын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар