Давутоглу эртең Азербайжанга барат

Давутоглу сапардын алкагында расмий жолугушууларды өткөрмөкчү.

397702
Давутоглу эртең Азербайжанга барат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу эки күндүк расмий иш сапары менен эртең Азербайжанга барат.
Сапар убагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрө турган өкмөт башчы Давутоглу, андан соң премьер-министр Артур Расизаде менен жолугат.
Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштар, Тоолуу Карабах маселеси менен катар аймактык жана эл аралык маселелер кеңири түрдө каралмакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар