Акынжы эмне үчүн Лавров менен жолугушуудан баш тартты?

Түркия менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун муну менен эч кандай байланышы жок.

397463
Акынжы эмне үчүн Лавров менен жолугушуудан баш тартты?

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжынын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен эмне үчүн жолугушуудан баш тарткандыгын ачыктады.
Давутоглу мурдагы жумаларда Кипрге Англиянын тышкы иштер министри Филип Хэммондун эки жолу, Германиянын тышкы иштер министри Франк Штайнмайердин бир жолу келгенин, эки күндөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин да келээрин билдирди.
Бул кишилердин Түндүк Кипр Түрк Республикасына өтүп Акынжы менен кызмат орунунда жолугушкандарына көңүл бурган Давутоглу: «Булардын бары урматтуу Акынжы менен кызмат орунунда жолугушса, урматтуу Лавров бейтарап аймакта жолугушууну сунуштады. Башкача айтканда түндүккө өтүүнү өзү үчүн туура көрбөдү. Ошондуктан Түркия менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун муну менен эч кандай байланышы жок. Урматтуу Акынжы да: «Келсеңиз менин кызмат орунумда жолугушабыз, берки тышкы иштер министрлерине эреже кандай болсо сиз үчүн да ошондой, бирок келбей турган болсоңуз да сиздин тандооңуз» деген эле деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар