Парламентте 64-Өкмөттүн программасы сүйлөшүлдү

Сүйлөшүүлөрдө экономика, тышкы саясат жана 2023-жыл максаттары басымдуу орун алды.

394919
Парламентте 64-Өкмөттүн программасы сүйлөшүлдү

64-Өкмөттүн программасына байланыштуу сүйлөшүүлөр кечээ Түркия Улуу Улуттук Парламентинде өттү.
Сүйлөшүүлөрдө экономика, тышкы саясат жана 2023-жыл максаттары басымдуу орун алды.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу, Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели сүйлөшүүлөрдү Жалпы жыйында байкап жатышты.
Оппозиция экономика жана тышкы саясат тармагында сын-пикирлерин айтса, өкмөттүн атынан сөз алган вице-премьер Лүтфү Элван программага байланыштуу маанилүү ачыктоолорду жасады.
Программанын жалпысынан алып каралганда адамга байланыштуу мамиле көрсөтүлгөнүн белгилеген Элван, «Элибиз көп жылдардан бери күткөн Конституцияны бирге түзүүнү максаттап жатабыз. Адамыбыз үчүн чоң пайда алып келе турган мезгилден өтөбүз. Мамлекеттин ичинде мамлекет болууну каалагандар, ар түрдүү параллель түзүлүш же ар түрдүү террор уюму менен күрөшүү уланат»-деп айтты.
Өкмөттүн программасы сүйлөшүлүп бүткөн соң дүйшөмбү күнү ишеним добушуна салынат. Ишеним добушу үчүн 276 добуш керек.
64-Өкмөттүн ишеним добушун алышынан кийин эми парламенттеги иштерге көңүл бурула буштады.Мүчөлөрү белгиленген комиссияларга да жетекчи шайлоо эртең өтөт.
Шейшемби күнү парламентте фракция жыйналыштары өтөт. Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Жумурият элдик партиясы, Элдин демократиялык партиясы жана Улуттук кыймыл партиясынын фракцияларын өкүлдүк кылган лидерлер сөз сүйлөшөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар