Чавушоглу - Лавров жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Бельградда жолугушат

422532
Чавушоглу - Лавров жолугушуусу


Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кечээ атылган орус согуштук учагы тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Чавушоглу менен Лавровдун алдыдагы күндөрдө жолугушары белгиленди. Бирок, Орусия тышкы иштер министрлигинин катчысы жолугушуунун болбой турганын айтты. Мындан кийин Анадолу агенттигине маалымат берген дипломатиялык булактар жолугушуу тууралуу макулдашылганын билдиришти.
Анадолу агенттигинин кабарчысына маалымат берген дипломатиялык булактар министр Чавушоглунун кесиптеши Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана эки министрдин Бельградда 3 – 4 - декабрда боло турган ЕККУ жыйынында жолугушаарын аныкташкандарын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар