Катуу шамалдын себебинен каттамдар токтоду

Түрк аба жолдору айрым каттамдарын убактылуу токтотту.

420733
Катуу шамалдын себебинен каттамдар токтоду

Түрк аба жолдору эртең үчүн пландалган өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү 25 каттамды катуу шамалдын айынан токтотту.
Түрк аба жолдорунун интернет барагындагы маалыматта, күтүлгөн катуу шамалдын себебинен «Ататүрк» аэропортунда эртеңкиге пландалган өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү 25 каттамдын жоюлганы билдирилди.
Жүргүнчүлөр сапар тартуунун алдында ''www.thy.com'' расмий дарегинен же 4440849 номерине чалып каттамдар тууралуу толук маалымат ала алышат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар