Түркия кургактык кыймылына кошулууга даяр

Өкмөт башчы Давутоглу Американын «CNN International» каналында журналист Кристиан Аманпурдун суроолоруна жооп берди.

414590
Түркия кургактык кыймылына кошулууга даяр

Премьер-министр Ахмет Давутоглу террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө бириккен бир стратегияга муктаждык болгонун айтты.
Өкмөт башчы Давутоглу Американын «CNN International» каналында журналист Кристиан Аманпурдун суроолоруна жооп берди.
Давутоглунан «Түркиянын Сирияда ДЕАШ менен күрөшүүдө кургактык операциясын жүргүзүп же жүргүзбөй турганы», суралды.
Буга жооп иретинде Түркиянын жуманын бир топ күнүн коалициянын ичинде ДЕАШка каршы абадан операциясын жүргүзгөнүн белгилеген Давутоглу: «Бирок Түркия өзү жалгыз бардык жүктү милдеттенбейт»-деди. Давутоглу: «Кургактык күчү бардыгыбыз чогуу олтуруп сүйлөшүүбүздү талап кылган тема. Аба жана кургактык операцияларынан турган бириккен стратегияга муктаждыгыбыз бар. Эгерде коалиция жана абдан жакшы бириккен стратегия бар болсо, Түркия бардык жагынан роль алууга даяр»-деп айтты.
«Кургактык кыймылы да буга кошулабы?»-деген суроого Давутоглу: «Албетте. Андай болбосо ДЕАШка каршы кургактыктан операция жүргүзүп жатканда аянтта күч боштугунун уланышы, ДЕАШтын ордуна башка террорист топтун ортого чыгышына себепчи болот. Сирия кризисин кеңири түрдө чечишибиз зарыл»-деп жооп берди.
Түркиянын коалициянын ичинде ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн абадан операцияларына тез-тез кошулганын баса белгилеген Давутоглу: «А бирок бул жетиштүү эмес. Биз муну байкап жатабыз. Биз шериктештерибизге айлар бою сунуштаганыбыз сыяктуу, эми ошондой эле коопсуз аймакка ээ болууну жана ДЕАШты чек арабыздан алыска сүрүп чыгарууну сунуштоодобуз»-деди.
Террор уюму ПККнын тармагы ПЙДга берилген жардамдарга да токтолгон Давутоглу: «Эгерде АКШ, аянтта ДЕАШка каршы күрөшкөн күрттөрдү куралдандыргысы келип жатса, биз даярбыз. А бирок ПКК террористтерине каршыбыз. Ар ким ПККнын шаарларыбызга, айылдарыбызга, жарандарыбызга кол салган канкор террор уюму экенин билет. Сирияда жана Иракта ПКК менен байланышы болгон эч бир топко бериле турган жардамдарды жылуу карабай турганыбызды жана муну токтотуу үчүн ар түрдүү чараны көрө турганыбызды түшүнүшү зарыл»-деди.
Давуоглу 1-ноябрдагы парламенттик шайлоолордо АК партиянын добуш санын көбөйткөнүнө байланыштуу, «Террор менен күрөштүк жана экономикалык чараларды көрдүк. Жаңы шайлоо убадаларын даярдадык. Булардын бардыгы менен катар бул жердеги чечүүчү сөздөр; чынчылдык, сабырдуулук жана ырааттуулук болду»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар