Түркия күчүн тарыхынан алган

Эрдоган тарыхта курулган түрк мамлекеттеринин мааракелерин да белгилөө керектигине шилтеме кылды.

414741
Түркия күчүн тарыхынан алган

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия күчүн тарыхынан алганын айтты.
Эрдоган Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин, Улуу жол башчынын дүйнө салышынын 77-жылында уюштурган «Ататүрктү эскерүү» иш-чарасында сөз сүйлөдү.
Түркиянын тарыхы жана цивилизациясынан ажыратылышы мүмкүн эместигин баса белгилеген Эрдоган: «Республиканы жактап жатканда Селжуктукту да Осмондукту да четке кага албайбыз. Биздин күчүбүз ансыз деле ошол жерден келет. Биз тектүү элдин уландысы болгон мамлекетпиз»-деди.
Республиканын курулушу менен катар бул жерлердеги башка түрк мамлекеттеринин курулушунун мааракалерин да кубанычтуу белгилөө керектигин баса белгилеген Эрдоган, түрк улутунун Анадолуда республиканын түзүлүшүнөн мурда да жашаганын эске салды.
Түрк тарыхы жана цивилизациясы менен бүтүндөшүү жолундагы тоскоолдуктардын жоюлушу керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Түркия Республикасы-78 миллион калк толугу менен ээ болгон, өзүн атуулу катары көргөн мамлекетибиздин аты. Мындан артка кайтуу эч качан болбойт»-деп айтты.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу болсо иш-чарадагы сөзүндө Ататүрктүн эң маанилүү жөндөмдүүлүктөрүнөн биринин тарыхтын агымына туура баа бергендиги болгонун айтты.
Давутоглу, өзүнө ишенүү жана улутка болгон ишенүү менен катар тарыхка туура баа берип, тарыхтын агымына багыт берүүнүн маанисине токтолду.
Давутоглу учурубузда тарыхты туура баамдоо дегендик, тегерегиндеги от айлампасынын ичинде жана дүйнөдөгү чоң глобалдык экономикалык кризис чөйрөсүндө Түркияны тарыхтын ээсине айлантуу болоорун белгилеп өттү.
Түркия Республикасынын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн өмүр баянына бүгүнкү перспектива менен кайрадан баа берүүгө муктаждык болгонун баса белгилеген Давутоглу: «Тарыхтын ылдам аккан мезгилдеринде ошол ылдам агымга акылы менен жана чын жүрөктөн жол башчылык кылгандар, тарыхка терең мурастарды калтырышты. Ушул жагынан алганда Гази Мустафа Кемал Ататүрк маанилүү жөндөмдүүлүктөрү менен тарыхтын агымына терең издерди калтырган бир муундун жол башчысы жана өкүлү болуп саналат»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар