Газиантеп ЮНЕСКОго кайрылды

Газиантеп мэри Фатма Шахин тарыхта түрдүү цивилизацияларды жашаткан шаардын бардык тармактарда маанилүү маданий мураска ээ экенин айтты

414638
Газиантеп ЮНЕСКОго кайрылды

Жалпы өкөдө ашканасы менен белгилүү Газиантептин ЮНЕСКО тарабынан белгиленген сегизинчи «Дүйнө гастрономия шаары» болуусу үчүн расмий түрдө кайрылуу жасалды.
Газиантеп мэри Фатма Шахин тарыхта түрдүү цивилизацияларды жашаткан шаардын бардык тармактарда маанилүү маданий мураска ээ экенин айтты.
Баклавалары менен белгилүү болгон шаардын гастрономиядагы күчүн көрсөтүүнү каалашкандарын белгилеген Шахин жарандык коом мекемелери, палаталар жана университеттердин кошкон салымы менен отчет даярдап ЮНЕСКОго кайрылышкандарын айтты. Даярдашкан отчетто Газиантептин бай ашканасын дагы жакшы көрсөтүү үчүн түрдүү иликтөөлөрдү жүргүзүшкөндөрүн айткан Шахин ушунун саясында ызгара жана таттуу түрлөрүнүн тышында 400гө жакын Газиантепке таандык тамак түрү аныкталганын билдирди. Шахин аймакка таандык даамдардын келген чет элдик коноктордон абдан жакшы баа алганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар