Түркия террорго каршы күрөшүн улантат
Эч бир уюмдун Түркияга каршы коркунуч туудурушуна уруксат берилбейт.
Конституцияга ылайык куралган убактылуу өкмөт төртүнчү жана акыркы жыйналышын өткөрдү.
Жыйналыштан кийин маалымат берген өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, террордук кол салууларга жана Түркиянын ырааттуулугун бузгусу келгендерге карабастан, убактылуу өкмөттүн сынактан ийгиликтүү өтүп, Түркияны 1-ноябрь шайлоолоруна алып барганын айтты.
Куртулмуш: "Түркия, ДЕАШка жана Түркияга коркунуч туудурган бардык террор уюмдарына каршы өз чек араларыбызда кандай күрөшүп жатса, чек араларыбыздын тышында да ошондой эле күрөш жүргүзүүгө чечкиндүү. Эч бир уюмдун Түркияга каршы коркунуч туудурушуна уруксат берилбейт. Бул Түркиянын бүтүндүк маселеси болуп саналат"-деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.