Калын күн тартиби тууралуу маалымат берди

Калын Түркиянын кризистин күч алуусун эмес чечилүүсүн каалаганын айтты

412295
Калын күн тартиби тууралуу маалымат берди

Президенттин катчысы Ибрахим Калын Орусиянын Сириядагы кол салуусунун ДЕАШ эмес оппозициячылдарды бутага алганын айтты. Калын Аль Жазира телекөрсөтүүсүндө чыккан бир программада Сириядагы согуштун эми аймактык маселе эмес экенин, аймактагы бардык өлкөлөрдү таасири астына алган эл аралык маселе болгонун белгиледи.
Орусиянын Сириядагы аскерлери ДЕАШка каршы күрөшө турган болсо Түркия үчүн маселе эмес экенин, бирок азыркы учурдагы орус кол салууларынын чоң өлчөмдө Сириядагы оппозициячылдарга каршы кыймыл кылганын мунун да баарына каршы чыгуу экенин белгиледи. Калын Түркиянын кризистин күч алуусун эмес чечилүүсүн каалаганын айтты.
1 - ноябрдагы шайлоо жыйынтыктарына токтолгон Калын ортого чыккан саясий абалдын көптөгөн байкоочуну таң калтырганын, бирок Түркиянын саясий абалын жана коомду терең иликтегендер үчүн таң калтыруучу эмес экенин белгиледи. Калын Түркиядагы жаңы конституциялык талаш - тартыштарга да токтолуп, жаңы конституциянын азыркыдай парламентарлык сестема же президенттик системага өтөрүнө өлкөнүн алдыңкылыктары менен муктаждыктарынын белгилей турганын айтты.
Түркиянын башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын көчүрүп алууга мажбур эмес экенин белгилеген Калын укуктун үстөмдүгүнө таянган көпчүлүк жана демократиялык эрежелердин болушу шарты менен башкарууга байланыштуу жагдайларга өздөрүнүн чечим чыгара алышарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар