Ак партияга куттуктоолор айтылып жатат

Англия Түркия менен бирге иш алпарууну каалайт.

410969
Ак партияга куттуктоолор айтылып жатат

Ак партиянын шайлоодогу жеңишине дүйнөдөн куттуктоолор уланып жатат.
Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Давутоглун телефон аркылуу байланышып куттуктады.
Сүйлөшүүдө эки өлкөдө күчтүү өкмөттөрдүн кызмат кылып жатканына көңүл бурган Кэмерон, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар ДЕАШка каршы күрөшүү, көч маселеси, Чоң жыйырмалык, Европа Биримдиги жана эл аралык маселелер боюнча эки өлкөнүн тыгыз күн тартиби бар экенин айтты.
Кэмерон премьер-министр Давутоглу кура турган жаңы өкмөт менен чогуу иш алпарууну күткөндөрүн да баса белгиледи.
Давутоглу болсо Кэмеронго ырахмат айтып, эки жакын шериктеш катары Түркия менен Англиянын орток коркунучтарга каршы күрөшүп жатканын баса белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун маанисине токтолду.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да парламенттик шайлоодон улам түрк элин жана өкмөтүн куттуктады.
БУУнун баш катчылыгынын билдирүүсүндө башкы катчы Пан Ги Мундун, бийликтеги Ак партия жана бардык саясий партиялыктарды өлкөдө тынчтык, ырааттуулук жана демократияны күчтөндүрүү үчүн чогуу иш алпаруу темасында шыктандырганы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар