Түркияда шайлоо өтүп жатат

Добуш берүү процесси 17.00де аяктайт.

361324
Түркияда шайлоо өтүп жатат

Түркияда парламенттин 26-чакырылышынын мүчөлөрүн белгилеш үчүн шайлоо өтүп жатат.
32 областта добуш берүү процесси саат 7.00де башталды.
Бул аймактарда үкөктөр саат 16.00да жабылат.
Башка областтарда болсо саат 8.00ден тарта башталган добуш берүү процесси 17.00де аяктайт.
54 миллион 49 миң 940 шайлоочу, 175 миң 6 шайлоо участкасында өз добуштарын беришет.
350 миң киши да биринчи жолу добуш берип жатат.
Чет өлкөдөгү добуштар болсо Түркияга алынып келинген. Өлкөнүн жалпысындагы добуш берүү процесси аяктагандан кийин бүгүн кечинде берки добуштар менен чогуу бир учурда саналат.
Ал эми чек ара бекеттериндеги добуш берүү процесси саат 17.00ге чейин уланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар