Түркияда парламенттик шайлоо аяктады
Шайлоочулар Түркиянын жалпысында түзүлгөн 175 миң 6 үкөктө добуштарын беришти.
26-чакырылыштагы эл өкүлдөрүн шайлоо мөөнөтү аяктады.
Жогорку шайлоо кеңешинин токтомуна ылайык, чыгыштагы 32 облуста саат 7:00де башталган добуш берүү процедурасы 16:00да, калган облустарда саат 8:00де башталган добуш берүү процедурасы болсо саат 17:00де аяктады.
Шайлоочулар Түркиянын жалпысында түзүлгөн 175 миң 6 үкөктө добуштарын беришти.
Бул учурда чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн бажыкана каалгаларында да добуш берүүлөр аяктады.
Чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн 54 өлкө, 113 өкүлчүлүктө добуш берүүчү участка куруп, 8-октябрда башталган добуш берүү процедурасы 25-октябрда аяктаган. Чет өлкөдө берилген добуштар учактар жана дипломатиялык курьерлер менен Түркияга жеткирилген.
Анкарадагы Өлкө тышы райондук шайлоо кеңешинде сакталган бул добуштар да берки добуштар менен бир убакта ачылып санала баштайт.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.