Президент куттуктоо жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган 29 - Октябрь Республика майрамына арнап куттуктоо жарыялады

359962
Президент куттуктоо жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган куттуктоосунда : «1923 - жылы 29 - октябрда жарыялаган республикабыздын 92  жылдык кубанычын улут катары баарыбыз бирдикте бөлүшөбүз. Республикабыздын 92 жылдык тарыхы улутубуздун эң кыйын шарттарда кандайча жаңыдан бутуна тура аларын көрсөткөн, келечегибиз үчүн бизге үмүт берген, таштаган ар бир кадамыбызда сабак алуубуз керек болгон мезгил»,- деди.
Түркия Республикасынын бир гана өз жарандарынын эле эмес, ошол эле учурда аймагында жана дүйнөдөгү бардык кыйынчылыкка учураган, тектеш жана боордош коомдордун да үмүт булагы болгонун баса белгилеген Эрдоган : «Биримдигибизге, бир туугандыгыбызга карата кол салгандардын артында республикабыздын мына ушул деңгээлге жетишинен тынчсыздангандар турат. 1919 - жылы абдан кыйын шарттарда баштаган Боштондук согушубуз 1923 - жылы кантип жаңы мамлекетибиздин курулганын жарыялаган болсок, бүгүн кездешкен кыйынчылыктарды да 2023 – жылдагы максаттарыбызга жетүү менен артта калтырабыз»,- деди.
Эрдоган куттуктоосунда : «Республиканын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк башта болуу менен бул жерлерди бизге мекен кылган согуштун бардык катышуучуларын, шейиттерибизди ыраазычылык менен эскрем. 29 - Октябрь Республика майрамы куттуу болсун»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар