Өлкө тышындагы добуштар

Өлкө тышындагы добуштар Эсенбога аэропортуна алып келинди

402501
Өлкө тышындагы добуштар

Өлкө тышында катталган түрк шайлоочулардын 1 - ноябрдагы шайлоо үчүн берген добуштарын Түркияга алып келүү иши улантылууда.
Дюссельдорф, Эссен, Франкфурт, Кельн, Майнц, Мюнстер, Антверпен, Брюссель, Амстердам, Роттердам жана Девентерда берилген добуштардан турган 403 дипломатиялык баштык түрк аба жолдоруна таандык учак менен Анкара Эсенбога аэропортуна алып келинди.
Бул учактан кийин Берлин, Гамбург, Ганновер, Копенгаген, Стокгольм, Лондондон жана 193 дипломатиялык баштык болгон учак Эсенбога аэропортуна конду.
Баштыктар менен алып келинген добуштар Анкарадагы өлкө тышы райондук жалпы шайлоодо 1 - ноябрга чейин сакталат.
Бюллетендер 1 - ноябрь күнү кечинде өлкөдө добуш берилип бүткөндөн кийин башка добуштар менен бирге саналат. 8 - октябрда башталган 54 өлкө 113 өкүлчүлүктөгү добуш берүү 25 - октябрда аяктаган.
1 миллион 160 миң 38 шайлоочу добуш берип, бажы капкаларынын тышында добуш берүү катнашы 40 пайыз болуп ишке ашты. Бажыканаларда добуш берүү 1 – ноябрь саат 17ге чейин улантылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар