Давутоглу жаштарга ар түрдүү сунуштарды айтты

Давутоглу жаңы иш кура турган жаштарга долбоорлоруна жараша кайтаруусуз жардам жана насыя мүмкүнчүлүгүн камсыздай тургандарын билдирди.

399254
Давутоглу жаштарга ар түрдүү сунуштарды айтты

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Стамбулда жеке менчик бир радионун түз-эфир программасына катышты жана жаштардын социалдык медиа тармагы аркылуу берген суроолоруна жооп берди.
Жаштарга сунуштарды айткан өкмөт башчы, өздөрү, үй-бүлөлөрү, өлкөсү жана адамзат үчүн абдан сонун максаттарды, идеяларды белгилөөлөрүн талап кылды жана «Максаттарыңызды жогору коюп, чынчыл болгула. Жер жүзүнөн жылмаюуну кем кылбагыла, жылмаюунун жана жылуу сөздөрдүн ачпай турган каалгасы жок»-деди.
Жаштарга карай долбоорлору темасында маалымат берген Давутоглу, интернеттин акысыз боло турганын, экинчи университеттерге киргендерге жатакана мүмкүнчүлүгүн камсыздай тургандарын, жаштардын паспорт төлөмдөрүн жое тургандарын, Түрк аба жолдорунун жаштарга саякаттарында арзандатуусун камсыздай тургандарын, жаңы иш кура турган жаштарга долбоорлоруна жараша кайтаруусуз жардам жана насыя мүмкүнчүлүгүн камсыздай тургандарын, жаштардын жумуш менен камсыздалышына акы төлөй тургандарын билдирди.
Аскерлик темасында долбоорлору болуп же болбогону суроосуна Давутоглу, учурда дароо жасала турган долбоор жок экенин, шайлоодон кийин Түркиянын коопсуздук системасы, аскерлигине байланыштуу жалпы формалануу, дагы профессионалдуу аскерге баруу темасында кадамдары боло турганын айтты.
Премьер-министр чет өлкөдө жашагандар үчүн акы төлөнүүчү аскерлик акысынын 6 миң евродон миң еврого төмөндөй турганын да билдирди.
Чечүүчү жол процессине байланыштуу суроолорго да жооп берген Давутоглу, процесстин токтогонун белгилеп: «Ал эми бул процесстен толугу менен баш тарттык, процессти толугу менен токтоттук» деген сыяктуу сөздөрдү айтпагандарын маалымдады.
А бирок ушундай көрүнүш ичинде ПКК, ДЕАШ жана ДНКР-С бир убакта элдин тынчын алып, мамлекеттин тартибин бузуучу террордук акцияларды баштаганын сөз кылган паремьер-министр Давутоглу, буга карабай эң таасирдүү күрөшүүнү жүргүзүүнүн өздөрү үчүн шарт болгонун белгиледи.
Давуоглу террор менен күрөшүүнүн чечкиндүү түрдө улана турганын баса белгилеп, «Мамлекеттик тартипти ким бузса, ал жазаландырылат. Сотко тапшырылат. А бирок чечүүчү жол процессинен да жана атуулдарыбыздын демократиялык укуктарынан да эч качан баш тартпайбыз»-деп айтты.
Ахмет Давутоглу 1-ноябрь шайлоолоруна байланыштуу улуттун өздөрүнө жеке бийликке келиши үчүн добуш бере турганын белгилеп кетти.
Давутоглу параллель түзүлүшкө да токтолуп жатып: «Мамлекетти ичкериден, бюрократия аркылуу, элден укук албастан колго алууга аракет кылган түзүлүш менен, бул түзүлүшкө салым кошкон динчилдер жана кайрымдуу кишилерди ажыратуудабыз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар