Түркчө билим алуу үчүн рекорддук кайрылуу

Түркчө билим алуу үчүн 182 өлкөдөн кайрылуу болду

358260
Түркчө билим алуу үчүн рекорддук кайрылуу

Премьер – министрликтин Өлкө тышы түрктөр жана боордош коомдор боюнча төрага Кудрет Бүлбүл чет элдик студенттердин Түркияда билим алуулары үчүн жыл сайын 5 миң кишилик квотанын бөлүнгөнүн белгилеп : «Бул жылы тарыхый бир рекордго жетиштик. 182 өлкөдөн кайрылуу болду. Түркияда билим алуу үчүн 155 миң каттоо болду»,- деди.
Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн Түркияда окууну каалаган студенттерге жардам беришкендерин айткан Бүлбүл мамлекеттик стипендия менен билим алууну каалагандардын да Өлкө тышы түрктөр жана боордош коомдор төрагалыгына кайрылганын билдирди.
Бүлбүл бир канча жыл мурда «Түркчө билим берүү тили болобу? Түркияда окуганга болобу?» деген талаш - тартыштардын болгонун, бүгүн болсо адамдардын Түркияда түрк тилинде билим алуу үчүн келип жатышканын жана мунун Түркия үчүн абдан чоң сыймык экенин айтты.
Эл аралык студенттерге биринчи класстагы түркчө үйрөтүлгөнүн баса белгилеген Бүлбүл Түркиянын дээрлик бардык жеринде эл аралык студенттердин бар экенин да белгиледи. Түркиянын «билим берүү базасы» болууга талапкер өлкө экенин баса белгилеген Бүлбүл Колумбиядан, Испаниядан, Германиядан Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген студенттердин жогорку билим алуу программаларына жайгаштырылганын белгиледи. Бүлбүл айрыкча 70 миңден ашуун түрк жараны студентине да барган өлкөлөрдө билим алуусуна жардам беришкендерин сөздөрүнө кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар