Вице - премьер Тугрул Түркеш "Түркия үнү" радиосуна конок болду

Тугрул Түркеш 1 - ноябрда боло турган шайлоо тууралуу баяндады

396960
Вице - премьер Тугрул Түркеш "Түркия үнү" радиосуна конок болду

Вице – премьер Тугрул Түркеш ТРТнын «Түркия үнү» радиосуна конок болду. Түркеш Түркиянын күн тартибиндеги террордук окуялар жана жакындап келе жаткан 1 - ноябрдагы шайлоо тууралуу баяндады.
Тугрул Түркеш : «Түркияны баш – аламан кылууну калап жатышат, бирок өлкө буга жол бербейт. Түркияда шайлоонун коопсуздугуна тыкыр көзөмөл жүргүзүлөт, шайлоо тынч өтөт»,- деди.
Вице – премьер Түркеш Анкарадагы жардырууну уюштурган жан кечтилер Түркиянын коопсуздугун бузууну каалаганын белгилеп өттү. Берилген бир суроого жооп берген Тугрул Түркеш : «Азыркы учурда мамлекетибиздин шайлоо өкмөтүнүн да чечими террор менен күрөшүү. Уюм өлкө тышына чыгат же бул жерде куралдары көмүлөт. Куралдар көмүлгөндөн кийин чечүүчү жол процесси кайрадан күн тартибине келет»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар