Террор адистери конференциясы

Конференцияга БУУ, НАТО, ЕККУ жана Интерпол сыяктуу эл аралык мекемелердин терроризмге каршы күрөшүү бөлүмдөрүнөн да адистер катышууда.

391733
Террор адистери конференциясы

Терроризм, дүйнөнүн эң негизги маселелеринин бири.
Ондогон жылдардан бери керек болсо Түркия, керек болсо аймак өлкөлөрү террористтердин кол салуусуна дуушар болуп келе жатат.
Жакында эле Анкара дагы террордук кол салуулардан жабыр тартты.
Мына ушундай чөйрөдө дүйнөдөгү террор адистери Анкарада Түрк куралдуу күчтөрүнүн терроризмге каршы күрөшүү борбору тарабынан уюштурулган «Терроризм адистери конференциясында» жолугушушту.
15 өлкөдөн 148 катышуучу эки күн бою «Терроризм жана терроризмге каршы күрөшүүдө учурдагы окуялар жана келечектеги тенденциялар» темасы боюнча маалымат бөлүшүшмөкчү.
Конференцияга БУУ, НАТО, ЕККУ жана Интерпол сыяктуу эл аралык мекемелердин терроризмге каршы күрөшүү бөлүмдөрүнөн да адистер катышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар